Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Абиджан шаары

Абиджан шаары - (Abidjan) Кот-д'Ивуар мамлекетинин башкы шаары жана порту (жылына 15 млн жүк ташылат). Лагун облусунун административдик борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, Абиджан жарым аралында жайгашкан. Калкы 4,9 млн (2003, шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе заводдору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар университетинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этнографиялык музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880-90-ж. француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги Пил Сөөктүү Жээктин, 1960-83-ж. Пил Сөөктүү Жээк Республикасынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)