Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдымаликов Кыдыр

Баш барак | Биографиялар | Абдымаликов Кыдыр

(1938-жылы туулган, Түп району, Күрмөнтү айылы) — зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору (1989), профессор (1993). К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн (1965). 1965-жылдан Кыргызстан айыл чарба министрлигинде, ал эми 1967—76-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясында иштеген. 1976-жылдан Кыргызстан жайыт жана тоют илимий изилдөө институтунда бөлүм башчы, ал эми 1978—84-жылы Кыргызстан айыл чарба министрлигинде начальник, 1984-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий изилдөө институтунда бөлүм башчы, 1991-жылдан К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда айыл чарба экономикасы кафедрасынын башчысы. Ал 70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Эмгектери негизинен республикада мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга арналган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 465, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу