Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдылдаев Табылды

Баш барак | Биографиялар | Абдылдаев Табылды

Абдылдаев Табылды(1932-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - философ, философия илиминин доктору (1968), профессор (1969). Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1989). Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1952). 1953-56-жылы Москва мамлекеттик университетинде аспирант, 1956—66-жылы КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966—88-жылы КММИнин философия кафедрасынын башчысы, 1988жылдан Кыргыз Республиканын Илимдер Академиясынын философия жана укук институтунда адамдын экологиясынын философиялык маселелери боюнча белгилүү адистердин бири. Анын негизги илимий эмгектери биологиялык түр жана түрдүн келип чыгышынын методологиялык проблемаларына арналган. Адин илимий эмгектери илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты, башкача айтканда азыркы мезгилдин кеңири экологиялык проблемалары менен тыгыз байланышкан.

Ал Бишкек шаарындагы философтордун илимий эмгектеринин жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюпггурган. Анын жетекчилиги жана редакциялоосу менен КММИнин философия кафедрасында 8 илимий эмгек чыккан; экология боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы жарыяланган. Азыр анын жетекчилиги менен «Илимий-техникалык революциянын шартындагы табигый, жасалма жана социалдык диалектика» проблемасы боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. А. 70 илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография, анын 4 китеби авторлош, ошондой эле 6 китепче) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 634, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу