Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдыкалыков Жолдошбай

Баш барак | Биографиялар | Абдыкалыков Жолдошбай

Абдыкалыков ЖолдошбайАбдыкалыков Жолдошбай (1935-жылы туулган, Ысык-Көл району, Таштак айылы) - акын. Кыргыз Республиканын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1985). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1959). 1959-жылдан «Жаш Ленинчи» журналында жана «Ленинчил жаш» гезитинде, 1976—88-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде редактор. Биринчи ырлар жыйнагы «Жылдызстан» 1961-жылы жарык көргөн.

А. «Бакыт гүлдөрү» (1963), «Кош жылдыз» (1967), «Ак толкундар» (1968), «Таштагым менин, Таштагым» 1970), «Теребел» (1971), «Дүйүм дарак» 1973) ырлар жыйнактарынын автору. Ал классикалык кыргыз поэзиясынын салты менен жазат. Күндөлүк турмуш чындыгын нукура реалисттик боёктор менен туюнтууга умтулат, анын ыр, поэмаларында гражданчыл пафос, патриотчул чакырыктар, тунук лиризм жыш учурайт. Чет тилдерге ырлары которулган. Кыргыз тилине А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, В. В. Маяковскийдин чыгармаларын, Бангладеш, латын америкалык акындардын ырларын которгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1966, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу