Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Абдыкадыров Абдрашид

Абдыкадыров Абдрашид (1919-жылы Сузак району, Сузак кыштагы.-1987-жылы ошол эле жерде туулган) Абдыкадыров Абдрашид айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). 1943-жылдан КПСС мүчөсү болуп иштеген. Эмгек жолун 1935-жылы "Москва" айыл чарба артелинде катардагы колхозчудан башталган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-жылдан Сузак районундагы "Москва" колхозунда башкы бухалтер, 1959-жылдан колхоздун председатели. Ал башкарган чарбанын экономикасы чыңданып, райондогу алдыңкы чарбага айланган. 1959-жылы колхоздун кирешеси 949миң сомду түзсө, 1965-жылы 1 млн 629 миң сомго жеткен же 1.7 эсеге өскөн. Жети жылдыкта мамилекетке 18 636т (пландан 939т ашык) пахта тапшырылган.

Ленин ордени , Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордени, медалдар менен сыйланган.

Боругулов М."Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)