Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдыбеков Садырбек

Баш барак | Биографиялар | Абдыбеков Садырбек

(1871, Тору-Айгыр болушу, Каракол уезди -1 950, Ак-Суу району, Жол-Колот айылы) - белгилүү кыргыз натуралисти, саякатчы. Теңир-Тоонун табиятын жакшы билген. Өткөн кылымдын ортосунда 1-жолу өз крайын Ысык-Көлдүк мергендер Султанбек Балбак уулу, Табылды жана Кудагелди Кылдаевдер менен кыдырып чыккан. Кийинчерээк (көп учурда караколдук мугалим А. А. Куценко менен бирге) Кочкор, Көкөмерен, Нарын, АкСай, Сары-Жаз жана башкалар суулардын алаптарын кыдырып, табият менен жаныбарлардын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүлгөн. 1900—15-жылы Ички жана борбору Теңир-Тоону, Ысык-Көл кылаасын жана Кыргызстандын аймагынан тышкаркы бир катар жерлерди изилдеген чет элдик (Д. Алмаши, 1900; Г. Мерцбахер, 1902—03; Д. Принц, 1906 жана башкалар), орус (В. В. Сапожников, 1902; С. И. Абрамов, 1910; В. Н. Шнитников, 1912—14 жана башкалар) экспедицияларына катьинкан. А. жол көрсөткүч, коллектор, тилмечтик милдетти аткарып, ошондой эле экспедицияны илимий маалыматтар менен (жапайы айбанаттардын жашоо шарты, түрү, географиялык таралышы, уя салышы, учушу жана башкалар) жабдыган. А-дун фауна боюнча жыйнаган коллекциялары революцияга чейин Москва, Петроград, Томск, Лондон, Гамбург, Дрезден шаарындагы музейлерге коюлуп, айрым окумуштуулар тарабынан изиметрденип, баяндалып жазылган. А. советтик мезгилде да өзүнүн ишин таштаган эмес. 1929—43-жылы Караколдогу чумага каршы станцияда иштеп, анда Сыртка болгон экспедицияларга катышкан. «Жол-Колот» колхозунун башкармасынын 1-төрагасы; Ысык-Көлдө аңчылар чарбасында иштеген.

Караколдо жерге таануу музейин түзүшүп, ага өзүнүн даярдаган коллекцияларын берген.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 558, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу