Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдуллаев Сайфулла Нурмухаметович

Баш барак | Биографиялар | Абдуллаев Сайфулла Нурмухаметович

(1959-жылы туулган, Каракол шаары) - филолог, филология илимдеринин доктору (1993), профессор (1993). 1980-жылы Каракол мамлекеттик педагогикалык институтту бүткөн. 1980—81-жылы «Ысык-Көл правдасы» гезитинде иштеген. 1981-жылы Каракол мамлекеттик педагогикалык институттагы орус тилин окутуу методикасы кафедрасында окутуучу. 1981—84-жылы СССР Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүндөгү (Новосибирск ш.) Тарых, филология жана философия институтунда аспирант. 1985-жылдан Каракол мамлекеттик педагогикалык институтта (1993-жылдан К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети) орус тили факультет аралык кафедрасынынын окутуучусу, 1993-жылдан ошол эле кафедранын профессору.

Уйгур тилинин грамматикасы боюнча 63 илимий жана илимий-методикалык эмгектин автору, анын ичинде 3 монографиясы бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 421, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу