Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдразаева Тынаркүл

Баш барак | Биографиялар | Абдразаева Тынаркүл

(1956-жылы туулган, Ысык-Көл району, Корумду айылы) - артист, Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1986). 1975-жылы Кыргыз драмтеатрынын алдындагы студияда окуган. 1979-жылы Ташкендеги Н. Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүрүп, Кыргыз драмтеатрында иштейт. А. орус, дүйнөлүк, улуттук драматургдардын спектаклдеринде ойноп, каармандардын образын, кулк-мүнөзүн ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада түзө билген актриса. Аткарган ролдору: Газиза (Касенов, «Алда жаш жубайлар, ай»), Кишимжан (Ж. Абдыкадыров, «Олжобай менен Кишимжан»), Айчүрөк (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»), Канайым (К. Акматов, «Ажырашуу»), Айша (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»), Айчүрөк (Ж. Садыков, «Сейтек»), Леди Анна (Шекспир, «РичардIII»), Дуняша (А. П. Чехов, «Алчалуу бак»), Батма (К. Акматов, Ж. Күлманбетов, «Мунабия»), Гурболжун (Ж. Кулманбетов, «Чыңгызхан»), Мадина (Ж. Өзүбеков, «Апамдын махабаты»), Азем (Ж. Өзүбеков, «Кара кыз»), Мукаям (А. Саид, «Келиндер козголоңу»).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 432, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу