Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдрахманов Сарбагыш

Баш барак | Биографиялар | Абдрахманов Сарбагыш

(1943-жылы туулган, Ысык-Көл району, Темир айылы) - физик-механик, физика-математика илимдеринин доктору (1993). 1965-жылы КМУнун физика-математика факультетин бүтүргөн. 1965—67-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын (Илимдер Академиясы) физика жана математика институтунда улук инженер, 1967—70-жылы ошол эле жерде аспирант, 1971-жылдан Бишкек политехника институтунун материалдардын каршылыгы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1975—85-жылы ошол кафедранын башчысы, 1985—89-жылы механика-машина куруу факультетинин деканы, 1990-жылдан Кыргыз техникалык университетинин профессору. А. 10дон ашык окуу-усулдук колдонмолордун жана окуу китептеринин, 100дөн ашык илимий жана илимий-усулдук иштеп чыгуулардын автору. А. жазган техникалык жогорку окуу жайлары үчүн «Материалдардын каршылыгы курсу» (1993) ушул тармак боюнча кыргыз тилиндеги тунгуч окуу китеби. КТУнун алдында ал түзгөн лаборатория КМШ өлкөлөрүндө белгилүү борборлордун бири. Негизги эмгектери - деформациялануучу катуу нерселердин механикасы, материалдардын каршылыгы жана башкалар боюнча. Кыргыз Республиканын эл агартуу отличниги (1977).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 447, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу