Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аалы Токомбаев омур баяны

Аалы Токомбаев омур баяны
"Аалы Токомбаев омур баяны" оңой эмес болду, ал 1904-жылы азыркы Кемин районундагы Кайыңды айлында жарык дүйнөгө келген.

Ал бешикке бөлөнгөндөн энеси Уулбаланын мукам алдей ырын, ымыркайынан шекер татыган анын сөздөрүн, кумдай куюлушкан акыл-насааттарын, кыябына келтире айтылган ар кыл оозеки мурастарын угуп чоңойду.

Экинчи жагынан атасы менен ынак, алардын үйүнө көп келчү, сөз баккан, колунан аса таягы, оозунан бал тамган кеби түшпөгөн, кези келгенде Манаска чейин айта койгон Урак дубананын таасиринде өсүп, жашынан элдик оозеки чыгармаларга жакын болду. Мына ошондой дымагы бар баланы окутуу ниетин көздөп Токомбай уулун айылдык молдого берди. Анда Аалы эки кыш окуган менен кат сабаты жөндөп ачылбай, караңгы бойдон кала берди.

1916-жылы падышалык Россиянын аскер алуу жөнүндөгү мыйзамына, элди ар тараптан кысмакка алган зордук-зомбулуктарына каршы кыргыз журту улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө чыгат. Көтөрүлүшчүлөр жеңилип, куралдуу орус аскерлери жазыксыз элди кырып кирет, бей ажал өлүмдөн корккон калк жан айласы кылып, Кытай жерине качат. Мына ошол качкындардын арасында Токомбайдын да үй-бүлөсү бар эле. Жолдо кырылганы кырылып, Кытай жерине эптеп тирүү жеткен элди ит көрбөгөн машакат, жугуштуу оорулар, адилетсиздик, кулдук, эрксиздик күтүп турган.

Токомбайдын бүлөсү да тагдырдын бул каргышын аттап өтө албай, кыйынчылыктарга белчесинен батат, бир жылда беш баласын жерге берет. "Аалы Токомбаев омур баяны" ушул жылдарда кыйын болуп, 1917-жылы төңкөрүштөн кийин тууган жерди эңсеген качкындар киндик кан тамган Ата Журтка кайта башташат. Алар менен бирге Токомбайдын үй-бүлөсү да өз жергесин көздөй жөнөшөт. Бирок туу казык журтуна жетпей Орто-Токойдо чамгарак ээси Токомбай оопат болот. Көп узабай турмуштун айыккыс дартына чалдыккан энеси Уулбала да көз жумат.

Ошентип, бир үйгө батпаган бүлөдөн он үч жашар жалгыз Аалы калып, анын көрүнгөндүн эшигин түрткөн жетимчилик турмушу башталат. 1919-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө аталаш туугандарын аркалап туруп калып, ошол жерде бир аз окумуш болот. Бирок көп узабай, эжеси Батма аны издетип таап, Кочкорго алып кетет. Ал жакта али мектеп ачыла элек болгондуктан, Аалы окуусун уланта албады. Кантсе да жаш бала үчүн бул жылдар текке кетпей, ал жездесинен өтүк ултарганды, челек, сөөктөн топчу жасаганды, жыгач чапканды үйрөнүп, жездесине жардам берет.

1922-жылы окуудан жайкы дем алышка кайткан балдардын үгүттөөсүнөн улам окууга дилгирлиги тутанып, аны эңсеген ышкы оту кайрадан жанып, жакын агаларынан жол кире алып, Ташкенге жөнөйт. Ал жакта адегенде интернатка орношот, кийин советтик-партиялык мектепке которулат. 1923-жылы Аалы Токомбаев Орто Азия Коммунисттик университетинин даярдоо курсуна өтүп, бул окуу жайын 1927-жылы аяктайт. Ошол жылдарда туңгуч газетабыз Эркин-Тоо жарык көрүп, анын биринчи санына (1924-жылы 7-ноябрда) Өктөбүрдүн келген кези - деген ыры жарыяланат.

Залкар сүрөткердин жүздөгөн лирикалык чыгармалары, Таң алдында - деген ыр менен жазылган романы, Күүнүн сыры, Даат, Жол жомогу сыяктуу ондогон аңгемелери, Жараланган жүрөк, Мезгил учат, Солдат элек повесттери, Ант, Күндүн чыгышы, Өлбөстүн үрөнү драмалары, Туткун Марат, Менин метрикам, Жетим менен сыйкырчы, Өзкөзүм менен ж.б. ондогон поэмалары, классикалык орус, чет элдер жана боордош адабияттардан котормолору улуттук маданиятыбыздын жетилишине барандуу салымын кошту. Акын, прозаик, драматург, котормочу жана коомдук ишмер Аалы Токомбаев 1988-жылы дүйнөдөн кайтты. Ооба "Аалы Токомбаев омур баяны" булутсуз деп айтууга болбойт, бирок караңгы деп да айтууга ооз барбайт. Жигердүү жана татаал турмушту башынан өткөрүп тарых барактарында түбөлүк орун алды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)