Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

1916-жыл

1916-жылдагы орчун окуялар топтому.


Бул жылы Кыргызстанда улуттук-боштондук кыймылы дүрт алган жана айоосуз басылган.

Дүйнөдө Биринчи дүйнөлүк согуш улантылшган.

Түркстандагы орусташтыруу – оторчул-улутчул саясаттын негизги катары 20-кылымдын башында мурдагыдан да күч алган.
Көтөрүлүштүн негизги себептеринин бири орус дыйкындарынын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отурукташтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Орус дыйкандарын борбордук бөлүктөн көчүрүү иштерине 1896-1916 жылдары эле 237 млн 310 миң 236 рубль жумшалган. 1916-жылы Түркстандагы жалпы калктын 6% түзгөн орустарга айдоо үчүн жарамдуу жердин 57,7% берилген. Ал эми калктын 94% түзгөн жергиликтүү эл айдоого жарамдуу жердин 42,4% гана ээ болгон. Келгин дыйкандар кыргыздарды адым катары көрбөй, суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей, жерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкан.
1914-жылы башталган дүйнөлүк биринчи согуш, согушка Орусиянын катышуусу, ансыз деле эзилип, кыйналып турган элдин башына түшкөн мүшкүл болгон. Кыргыздар да жалпы элге түшкөн кыйынчылыктан четте калбастан согушка акча, кийим-кече, жылкыларын жөнөтүп турган. 1916-жылы теке айынын (июнь) 25 Падышанын Түркстандын элдеринен аскердик курактагы (19дан 43кө чейинки) эркектерди согущтук коргонуу жумуштарына алуу жөнүндөгү жарлыгы, ансыз да падышачылыктын эзүүсүнө, кемсинтүүлөрүнө, жеринен ажырагандыгына араң чыдаган элди биротоло дүрбөткөн. Падышанын жогорудагы буйругу боюнча Түркстандын Сырдарыя дубаны - 60миң, Самарканд дубаны - 32,5, Фергана дубаны 51,3, Жети-Суу дубаны - 43миң кишини жөнөтүүгө милдеттендирилген. Мурдатан эле колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан эл эми колго курал алып, ачыктан-ачык боштондук күрөшкө көтөрүлүүгө аргасыз болгон.
Көтөрүлүш 1916-жылы кулжа айынын (июль) 4 Самаркан дубандын Кожент шаарында башталып, тез арада Сырдарыя, Фергана дубандарына тараган. Фергана дубанындагы көтөрүлүшкө кыргыздар жигердүү катышкан.
Кыргызстандын түндүгүндөгү көтөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Мыкты куралданган падыша аскерлери менен жергиликтүү калктын ортосунда куралдуу кагылышуу болуп өткөн. Көтөрүлүшкө кыргыздар менен бирге бул аймакта жашаган казак, уйгур, дуңган ж. б. элдер катышкан. Жети-Суу дубандын ар кыл элинин өкүлдөрү катышкан алгачкы жыйын кулжа айынын (июль) 10 Каркыра жармаңкесине жаркын Каманкарагай деген жерде өтөт. Кеңешмеде аскерге киши бербөө, керек болсо колго курал алып падыша бийлигине каршы күрөшүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Көтөрүлүш июль айында башталып, августта күч алган. Түндүк Кыргызстанда алгачкыларды болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мүкөш Шабдан уулу хан көтүрүлгөн. Жергиликтүү элдин өз жериндеги феодалдык төбөлдөрдү хан көтөрүп өздөрүнө жетекчи кылышы элдин аң-сезимине сиңген салты менен байланыштуу болгон. Оторчул саясаттын азабын тарткан кыргыз элинин көпчүлүк төбөлдөрү кыйын кезеңде эл менен бирге болушкан. Аяк оона айынын (август) 8 Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. Аяк оона айынын (август) 9 Ыбрайым Төлө уулу жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн чакан тобу {Ысык-Көл|Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлердин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 миңден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган. Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болушуктарында чыккан көтөрүшчүлөр күч алат.
Көтөрүлүшкө Теңиртоодогу кыргыздар да жигердүү катышат. Жумгал өрөөнүнүн чыгыш жагындагы эл көтөрүлүп, жетекчиси катары Медет датаканын небереси Көкүмбай хан көтөрүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)