1840-1850-жылдардагы саясый кырдаал жана кыргыздардын Россия букаралыгын таануусу

19-кылымдын 40-жылдары Тундук Кыргызстанда кээ бир уруулар саясий жактан биригууго, КЭЭ бирлери уруулук-уруктук денгээлдеги оз алдынчалыкты камсыз кылуу аракети башталган. Тундук Кыргызстандын чегиндеги саясий биримдик тургузууга арналган сарыбагыш манабы Ормон Ниязбек уулунун иштери кээ бир уруу тоболдорунун сепараттык маанайдагы мудоолору менен откон. Мисалы, Ысыккол кыргыздары Ормондун хан болушуна жооп катары манап Боромбай Бекмурат уулун бугу уруусунун башчылыгына которушкон. Сарыбагыш ошондой эле бугу урууларынын манаптарынын оз ара тирешуусу алардын тышкы саясатына да таасирин тийгизген. Ормон хандын мамлекеттик биримдик тузуп, орустар менен мамилени аныктоо боюнча мудоолорун бугу бий-манаптары жактырган эмес. Натыйжада орус администрациясы бугу уруусунун кыргыздары менен тыгызыраак карым-катнаш, алака кутуу саясатын жургузуп, бугу уруусундагы кыргыздарды биринчилерден кылып Россиянын курамына алган. 19-кылымдын II-жарымындагы Сарыбагыш ошондой эле бугу урууларынын манаптарынын коп жылга созулган ички тирешуусу бугу менен сарыбагыш коогаланына алып келген. Ормон хан бугу уруусуна каршы согуштук иштерди жургузуу менен Ысыккол кыргыздарын озу курууга ниеттенген хандыкка бут бойдон баш ийдирууго умтулган, ошондой эле Ысыкколдуктордун бейжооп Россия менен жакындашышы Ормон ханга жаккан эмес. Ушул салгылашуулардын биринде, 1854-жылы Ормон хан кармалып, олтурулот.

Ормондун изин баскан сарыбагыштар, Ормондун кол башчысы Торогелдинин жана Ормон уулу Уметаалынын башчылыгы аркылуу кайра-кайра жортуул жасап, бугу уруусунун тынчын кетирген. Боромбай башчылык кылган бугу уруусунун бир нече айылы Каркыра жана Текеске чегинет. Ушундай коогаландуу абалда бугу уруусунун башчысы Боромбай кыргындан кутулуунун бир ылаажысы - Россиянын букаралыгына отуу деген чечим кылат. Ушул максатта Качыбек Шераалы уулу баштаган бугу уруусунун элчилиги 1854-жылы 26-сентябрда Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун борбору Омск шаарына бет алган жана 1855-жылы 17-январда Омскидеги ак сарайда оз элинин ишенимдуу окулу катары Качыбек Шераалы уулу Россия карамагына откондугу жонундо куран кармап ант берген. Ысыккол кыргыздарынын Россияга расмий турдо когалушу кыргыздардын тарыхында маанилуу окуя катары белгиленет. Бул окуядан сон, бугу жана сарыбагыш урууларынын ичиндеги жанжал басандаган. Бирок, бул уруулардын чыр-чатагы Тундук Кыргызстан Россиянын карамагына бут бойдон киргизилгенге чейин (1868-ж.) басылган эмес.

19-кылымдын 60-жылдарда Кокон хандыгы жана Россиянын тирешуусу кучоп, Жети-суу жергеси, алардын ичинде Чуй ороонундо бул карама-каршы тушунбостуктор даана байкалган. 1860-62-жылдары сарыбагыш уруусунун тынай уругунун манаптары хандыктын саясий турушуна жандуу аралашууга далалат жасап корушот. Бирок хандыктагы саясий окуялардын онугуу онутун ачык ылгай албагандыктан улам, так ээлери менен мамилелерин узууго мажбур болушкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)