Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү

Эл аралык балдарды коргоо күнү же Балдарды коргоонун эл аралык күнү — Жер планетасындагы көйгөйлөргө, маселелерге балдардын кабылуусуна көңүл бурууга чакырган эл аралык күн.

Балдарды коргоо күнү
АталышыЭл аралык балдарды коргоо күнү же Балдарды коргоонун эле аралык күнү
Бекитилген1949-жыл, ноябрь, Франция, Париж
Дата1-июнь

Балдарды коргоо күнү жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул күн 1949-жылдын ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган. Эң биринчи жолу 1950-жылы өткөрүлгөн.

Майрамдан тышкары балдарга жыл сайын 20-ноябрда өтүүчү «Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү» да арналган. «Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү» — эл аралык майрамдардын эң улуусу десек ашык болбос, бул күн 1925-жылдан бери белгиленип келет. Мындан тышкары «Эл аралык күнөөсүз балдар — агрессия курмандыктары» күнү (4-июнь), ошондой эле, Африка балдарын коргоо күнү (16-июнь) бар.

Ал эми «Эл аралык балдарды коргоо күнү» Экинчи Дуйнолук согуштан кийин, качан балдардын ден-соолугун жана саламаттыгын сактоо маселеси актуалдуу болуп, ар кандай балдар арасында оорулар күчөп, тартип бузуулар, ал гана эмес оор мыйзам бузуулар маселеси кабыргасынан турган кезде 1949-жылы Парижде өтүлгөн аялдардын конгрессинде балдардын тынчтыгын сактоого күрөш жүргүзүүгө ант айтылат. Бир жыл өткөн соң 1950-жылдын 1-июнунда эң биринчи Эл аралык балдарды коргоо күнү өткөрүлөт, ошол күндөн тартып бул майрам жыл сайын белгиленип келет.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн желеги бар. Өсүүнү, жаныланууну жана жемиштүүлүктү символдоштурган жашыл фондогу жер шарынын тегерегинде стилдештирилген кызыл, сары, көк, ак жана кара түстөгү адамдардын фигуралары жайгаштырылган. Бул адамдын фигуралары ар түрдүүлүктү жана чыдамдуулукту символдоштурат. Ал эми ортосунда жайгашкан жер шары — бул биздин жалпы үйүбүздүн символу.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн желеги

Советтер союзунун убагында 1-июнда мектептерде окуучулар үчүн жайкы эс алуулар башталып, балдар күнүн дискуссия жана балдардын аман-эсен, ден-соолукта болуусун талкуулашчу. Балдар үчүн телепередачалар жана кинофильмдер көрсөтүлүп, спорттук мелдештер уюштурулуп, көп учурда мындай иш-чараларга ата-энелер балдары менен чакырылчу.

Бүгүнкү күндө да балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш чаралар борбор шаарларда мамлекеттик, райондордо райондук денгээлде өткөрүлүп келет.

Ал эми Кыргызстанда болсо бул майрам жогорку деңгээлде белгиленип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мектеп, маданият, китепкана жана башка көптөгөн мекемелер тарабынан балдарга майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, спорт оюндары ойнотулуп, таалим-тарбиялуу фильмдер жана мультфилмдер көрсөтүлүп, асфальтга түркүн-түстүү борлор менен сүрөт тартуулар жүргүзүлүп, кичинекей биздин келечектин ээлери үчүн жакшынакай чакан концерттер коюлат.

Ошондой эле багар-көрөрү жок жетим балдарга, тубаса майып балдарга, деги эле жардамга муктаж болгон наристелерге бул күнү мамлекет тарабынан жардам катары ар түрдүү колдоо акциялары өткөрүлөт.

Ата-энелер тарабынан болсо бул жакшынакай жаркын, жөнөкөй, көздөрүнөн тазалык жана ак ниеттик тамган балдардын күнүндө алар өз кичинекейлерин колдорунан келишинче көңүлүн көтөрүп жок дегенде кичинекей белек тартуулоого аракет кылат.

Жалпысынан 1-июнь бул балдарды жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам деп койсок да болот, анткени бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн алыс кылып, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө жардам көрсөтүү күнү.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 27928, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-05-31
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо