Балдак

Бут же омуртка ооруларында же кокустатып алганда басууну жеңилдетүүчү таяк. Б. оорулуу буттан (же омурткадан) күчтү колго өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Б-тын колтукка таянычтуу жана кол менен кармап карууга таянуучу эки түрү болот. Биринчиси ажыратма конструкцияда болуп, оорулуунун боюна жараша өзгөртүүгө болот. Мындай Б. катуу жыгачтан же металлдан жасалат. Ал эки фигуралуу таяктан туруп, колтукка жөлөй турган,Кененирээк...

Бала психикасынын өөрчүшү

Түрдүү тукум куугучтук, биологиялык социалдык (тарбиялоо, окутуу, айлана чөйрө) факторлордун таасири астында психика ишинин өсүп, татаалданышы. "Баланын психикасы өмүр бою өсүүдө болот. Жаш өзгөчөлүгүнө карата баланын анатомиялык-физиологиялык, психикалык өзгөчөлүгү түрдүүчө болот. Улам бала чоңойгон сайын анын кыймыл-аракети татаалданып, акырындап акылы, ойлоосу, айлана-чөйрөгө болгон мамилесиКененирээк...

Балдар бакчасы

Мектепке чейинки балдарды жумуш күндөрү күндүз же сутка бою багуучу мамлекеттик мекеме. Б. б. балага кам көрүүнүн бир бөлүгүн өз моюнуна алуу менен аялдарга иштөөгө, окууга, коомдук ишке катышууга мүмкүндүк берет. Мектепке чейинки мекемедеги медициналык-педагогикалык иштер балдардын ар тараптуу өөрчүшүнө шарт түзөт. Б. б. райондук (ата-энесинин жашаган жеринде) жана ведомстволук (ата-энесининКененирээк...

Балдар коляскасы

Балдар коляскасы эмчектеги баланы абага алып чыгуу жана уктатуу үчүн керек. Баланы сейилдетүүгө алып чыкканда шамалдан, жаандан, кардан, өтө ысып кетүүдөн сактайт. Бийигирээк коляска пайдалануу максатка ылайык, жапызына чаң көп түшөт. Оңой жуула турган жана ным өткөрбөгөн материалдан жасалган, үстү жабылма коляска ыңгайлуу. Б. Шилтеме: атайын жумшак төшөгү менен чыгарылат, эгерде анысы жок болсо өзү тандап, жасап алып, үстүн таза жалаяк менен жаап коюуКененирээк...

Бактериялар

Табиятта кеңири таралган эң жөнөкөй бир клеткалуу организмдер тобу. 17-кылымда голландиялык окумуштуу А. Левенгук бактерияны биринчи байкаган. 19-кылымдын ортосунда француз окумуштуусу Л. Пастердин, немец окумуштуусу Р. Кохтун жана англиялык окумуштуу Д. Листердин иштеринен кийин Б-дын биологиялык касиети жана алардын биосферадагы ролу кеңири изилдене баштаган. Көпчүлүк Б-дын хлорофилли жок, башкача айтканда алар зат алмашуу процессиндеКененирээк...