Баткак (ылай) менен дарылоо

Чым көңдүү, сульфиддүү, сапропелдүү жана башка ылайларды дарылоо максатында колдонуу. Чым көңдүү баткак ажыраган органикалык заттардан жана өсүмдүк калдыгынан турат. Сапропелдүү баткак бир аз минерал заты бар органикалык заттуу ылай чөгүндүлөрүнөн туруп, негизинен тузсуз сууларда пайда болот. Сульфиддүү баткак — туздуу көлмөлөрдүн составындаКененирээк...

Баш айлануу

Айланадагы буюмдардын же өз денесинин ордунан жылгансып сезилиши жана тең салмактуулуктун бузулушу. Оорулууга буюмдар айлангандай, дубал жана шып кулачудай көрүнөт, басканда тең салмактуулугун кармай албай темтеңдейт; кускусу келет, кубарып, тамыр жай кагат. Б. а. нерв системасынын дененин тең салмактуулугун жөнгө салып туруучу бөлүгүнүн (айрыкча ички кулакта жайгашкан вестибуль аппаратынын) иши бузулуудан болот. Дени соо кишилердин да дене абалын кескин өзгөрткөндө,Кененирээк...

Баш келте (бит келте)

Адамдын катуу кармаган жугуштуу оорусу. Аны риккетсиялар козгойт. Жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системаларын жабыркатат. Б. Шилтеме: согуш, ачкачылык, жакырчылык жана башка социалдык кырсыктардан калктын жашоо, турмуш тиричилик шарты, санитариялык абалы өтө начар болгон жерде көп таралат. Ооруну бит таратат. Бит оорулуунун канын соргондо, андагы риккетсиялар биттин ичегисине кошо кирип көбөйөт. Андан соо кишигеКененирээк...

Баш мээ нервдери

Мээнин сүмбөсүнүн алдыңкы бетинен чыккан 12 жуп нерв бар: жыт сезүү, көрүү, көздү кыймылдатуучу, чыгырык нерви, үч ача, көздү сыртка тартуучу, бет нерви, угуу, тил-кулкун нерви, адашма, кошумча нерв, тил алдындагы нерв. Бул нервдер бири биринен айырмаланып, өзүнө тийиштүү гана милдеттерди аткарат. Ошондуктан алардын бири жабыркаса калгандары анын милдетин эч аткара албайт. Алар аткарган милдеттерине жараша кыймылдатуучу жанаКененирээк...

Баш оору

Ар кандай оорулардын көп кезигүүчү белгилеринин бири. Б. о-нун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония оорулары, шакый) баш лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичкилигин ичкенде, тамеки тартканда, ошондой эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарык таасир эткенде күчөйт. Гипертония оорусу менен ооругандарда уктап турганда көбүнчө баш салмактанып, кежиге ооруйт. Шакыйда приступ түрүндө кармап баштын бир жагыКененирээк...