Бокс

Бокс — спорттун түрү, спортсмендердин жекеме-жеке чыгып, атайын эреже боюнча мушташуусу. Оюн тегереги аркан менен курчалган (6 х 6 м) аянтта (ринг) өткөрүлөт. Боксёрлор атайын жасалган жумшак тери мээлей кийип мушташат. Белден ылдый согууга уруксат берилбейт. Б. боюнча мелдештерди өткөрүү катышуучулардын салмагына, жашына жана спорттук даярдыгына карата бөлүштүрүлөт. Б. ден соолуккаКененирээк...

Боор эт (диафрагма)

Сүт эмүүчүлөрдүн жана кишинин көкүрөк көңдөйүн ич көңдөйүнөн бөлүп туруучу тарамыш-булчуңдуу тосмо. Жогору жагы томпок купол формасында болот. Аны толтодон чыккан төмөнкү жана жогорку боор эт артериялары кан менен камсыз кылат. Б. э. дем алуу кыймылына катышат: дем алганда төмөн түшүп, дем чыгарганда жогору көтөрүлөт. Ошондой эле дем алууКененирээк...

Боор

Боор — тамак сиңирүүчү эң чоң без; салмагы 1,5 кгдай. Бул ар түрдүү функция аткаруучу татаал түзүлүштөгү орган. Б. зат алмашуу процессине, организм үчүн зыяндуу заттарды зыянсыздандырууга катышат; Б-до кан белоктору (альбуминдер, глобулиндер, кан уюунун көпчүлүк фактору) иштелип чыгат. Андан сырткары Б. майларды сиңирүүгө жардам берүүчү өт иштеп чыгат. Б. ич көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндө, оң жак кабыргалардын астында жайгашат, үстүңкү жана астыңкы бети, алдыңкы жана арткы четиКененирээк...

Боордун циррозу

Боордун циррозу — боор клеткалары өлүп, анын ордуна бара-бара туташтырма ткань жайылып өсүп, боордун түзүлүшү жана функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн өнөкөт оору. Вирустуу гепатит менен ооруганда, айрыкча врачка өз убагында кайрылбай, дарылоо кеч башталса, врачтын көрсөтмөсүн бузганда, туура эмес тамактануудаКененирээк...

Борбордук нерв системасы

Борбордук нерв системасы адамдын жана татаал түзүлүштүү жаныбарлардын мээ системасынын негизги бөлүгүн түзөт, четки нерв системасынан өзүнүн топтошуп жана кыртыш сымал болуп жайгашкан нерв клеткалары менен айырмаланат. Б. н. с-на мээ жана жүлүн кирет. Анын түзүлүшү эң татаал. Б. н. с-нын түзүлүшүн жана негизги закондорун ачууда 19—20- кылымдардагы улуу орус окумуштуулары И. М. Сеченов, В. А. Бец, И. П. Павлов, В. М. Бехтерев, Н. С. Введенский жана А. А. Ухтомский жана башка эмгектери өтө зор.Кененирээк...