Вегетатив нерв системасы

Вегетатив нерв системасы — жалпы нерв системасынын бир бөлүгү. Бул терминди 1801-ж. француз анатому Мария Франсуа Биша киргизген. В. н. с. организмдеги кан айлануу, дем алуу, зат алмашуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана башка процесстерди жөнгө салат. Ал бардык ички органдарды, ички секреция бездерин, жүрөктү, бардык кан жана лимфа тамырларын, скелет булчуңдарынКененирээк...

Ванна

Ванна — гигиеналык жана дарылооалдын алуу максатында колдонулуучу суу процедураларынын бири. В-га тузсуз суу (жыпар жыттуу жана дары заттарды кошуп же кычкылтек, азот жана башка менен газдап), минералдуу суулар (табигый же жасалма), деңиз суусу, дары баткак, кум пайдаланылат. Дарылоо В - сын врач гана дайындайт, ал көбүнчө медицина кызматкерлерининКененирээк...

Бронхоэктаз

Бронхоэктаз — бронхтун айрым бөлүктөрүнүн кеңейиши жана деформацияланышы менен мүнөздөлгөн дем алуу органдарынын оорусу. Б. тубаса жана кийин пайда болгон болуп бөлүнөт. Тубаса Б. аз кезигет. Кийин пайда болгон Б-га өнөкөт бронхит, өпкөнүн сезгениши, грипп, балдардын жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча) жана башка себеп болот. Сезгенишинде анын булчуңдуу кабыгы какырык толуп, ошол учурда жөтөлгөндө пайда болгон басым анын капталына таасир этип кеңейтет. Оорунун эң алгачкыКененирээк...

Бруцеллёз

Бруцеллёз — жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Б-ду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине (суукка) туруктуу келет. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Б. менен кой, эчки, бодо малдарКененирээк...

Булганч суулар

Булганч суулар (ыплас суулар) — адамдын чарбалык, турмуш-тиричилик же өндүрүш процессинде булганган жана калк жашаган жерден, өнөр жай ишканалардан канализация аркылуу чыгарылган суу. Суунун булганчтыгына жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Б. с-ды бөлүү, кайра иштетүү жана тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиологиялык жактан коргоо, суу менен камсыз кылуучу булак катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүкКененирээк...

Булчуң иши

Булчуң иши — булчуңдарды түзүүчү, дүүлүгүү жана жыйрылуу касиетине ээ болчу талчаларынын иш-аракети. Бардык булчуңдардын негизги касиети анын жыйрылуу жөндөмдүүлүгү болуп эсептелет. Скелет булчуңдарынын иши (дүүлүгүү жана жыйрылуу) борбордук нерв системасынан келген нерв импульстарынын таасири астында гана болот. Булчуңдар жыйрылып, белгилүү иш аткарат. Булчуңдар нерв импульстарынын таасиринен ийкемдүүлүгүн өзгөртүү касиетине жарашаКененирээк...

Булчуң системасы

Адамдын денесинде орто эсеп менен бөөдөн ашык ар түрдүү формадагы жана түзүлүштөгү булчуң эттер бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга жана ичкерүүгө жөндөмдүү. Булчуңдардын бир түрү — туура ала булчуң тканынан, экинчиси жылма булчуң тканынан турат. Туура ала булчуңдар негизинен скелет булчуңдарын түзөт. Булчуңдар кыймылдоо, жумуш аткаруу мезгилинде көп энергия бөлүп чыгарат. Ал энергиянын 30%и механикалык иш аткарууга жумшалат. Ал эми анын 70%и жылуулукка айланат.Кененирээк...