Доза

Доза — организмге жиберилүүчү заттын же дарынын белгилүү так өлчөмү. Д. оорулуунун жашына, организмдин жеке өзгөчөлүгүнө, оорунун мүнөзүнө жана өтүшүнө жараша болот. Дарылоо коопсуздугун камсыз кылуу үчүн уулуу жана күчтүү дарыларга СССРдин мамлекеттик фармакопеясында бир жолку Д. (бир эле жолу берилүүчү) жана суткалык Д. белгиленген. Д-ларды врачтын көрсөтмөсүсүз көбөйтүүгө болбойт, ал ууланууга алып келет. Дары г жана г бөлүктөрү (деци—, санти —, милли —, микрограмм) менен өлчөнөт. Суюк дарыларКененирээк...

Ден соолук

Ден соолук — организмдин айлана чөйрө менен тең салмакташ болуу жана оорунун жоктугу менен мүнөздөлгөн табигый абалы. Кишинин Д. с-гу биологиялык жана социалдык факторлор менен белгиленет. Д. с. ооруга карама - каршы түшүнүк. Оору баштала электе оору алдындагы абал болот, анда организмдин коргонуу жана ыңгайлануу күчтөрү өтө жогорулапКененирээк...

Дене температурасы

Дене температурасы — киши организминин жылуулук абалынын комплекстүү көрсөткүчү. Д. т. организмдин ички чөйрөсүнүн жана терисинин температурасы болуп айырмаланат. Ички органдардын температурасы аларда болуучу биохимиялык процесстердин интенсивдүүлүгүнө жараша ар түрдүү. Боордун температурасы жогору (38°ка жакын) болот. Ички органдардын температурасы териникинен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө температура ар кандай:Кененирээк...

Дененин ысышын төмөндөтүүчү дарылар

Дененин ысышын төмөндөтүүчү дарылар — жылуулукту жөнгө салуучу процесстерге таасир этип, ысытма абалында дененин температурасын төмөндөтүүчү дары заттар. Аларга салицил кислотасынын бирикмелери, амидопирин, анальгин, фенацетин жана башка кирет. Бул дарылардын эффектиси мээде жайгашкан жылуулукту жөнгө салуучу борборго түздөн-түз таасири менен байланыштуу. Кээ бир ооруларда (сезгенүү, жугуштуу) жылуулукту жөнгө салуучу борборлордун козголуусуКененирээк...

Депрессия

Депрессия — адамдын психикалык абалынын начарлашы (көңүл коштук, маанайы пастык) жана кыймыл-аракетинин бузулушу ( жалпы тонус солгундап, тамак сиңирүү, уйку начарлайт) менен мүнөздөлгөн оору. Д. баш мээнин жана кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баңгиликте, климакс учурунда, айрым жугуштуу оорулардан (грипп) кийин да пайда болот.Кененирээк...

Демигүү

Демигүү — организмге аба жетпегендей сезилип, дем алуунун ылдамдыгы, ыргагы жана тереңдигинин бузулушу. Д. организмге күч келгенде (физиол. Д.) же кээ бир орган жана системанын оорусунда (патол. д.) организмдин ыңгайлануу реакциясынын бири болуп эсептелет. Физиол. Д. организм күч эмгеги менен иштегенде кычкылтекти көп керектегенденКененирээк...

Дератизация

Дератизация — кишинин жугуштуу ооруларынын козгогучтарынын булагы болгон, ошондой эле чарбасына экономикалык жактан зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү кырып жок кылуу. Д-да алдын алуу жана жок кылуу (кыруу) чаралары жүргүзүлөт. Алдын алуучу Д-да кемирүүчүлөрдүн көбөйүшүнө шарт түзүүчү азыгы жана ийини жок кылынат. Азыктар атайын идиштерге салынып сакталып, желдетүүчү тешиктерге тор тартып, алардын жолдорун цементтейт, жер төлө жана чатырдын терезелеринКененирээк...