Медицина

Подписаться на эту рубрику по RSS

Энтеровирус оорулары

Энтеровирус оорулары — тез башталуучу жугуштуу дарттар. Буларга борбордук нерв системаларынын, булчуң жана теринин үстүнкү катмарларынын, ошондой эле ичке ичегинин сезгениши, ооз менен көздүн былжыр кабыкчаларынын жараланышы жана сасык тумоо сыяктуу өтүүчү оорулар кирет. Энтеровирус ооруларын түрдүү вирустар пайда кылат. Энтеровирустар сырткы чөйрө шартына, дезинфекциялык заттарга туруктуу.Кененирээк...

Эпидемиология

Эпидемиология — жугуштуу оорулардын пайда болуу, калк арасында массалык таралуу себептерин изилдөөчү жана алардын алдын алуу, жок кылуу ыкмаларын иштеп чыгуучу илим. Эпидемияга каршы күрөшүү байыркы заманда эле белгилүү болгон. Мисалы, Ассирияда, Вавилондо жугуштуу оорулууларды шаардын четине чыгарып, өлгөндөрдү, алардын буюмдарын өрттөп салышчу. Байыркы Грецияда болсо жугуштуу оору менен ооругандарга чиркөөгө, нан бышырчу жайларга келүүгө, кудуктан суу алууга тыюу салышкан. 14-кылымда ЕвропадаКененирээк...

Эңдокринолог, эндокринология жана эндокрин системасы

Эндокринолог — эндокрин системасынын (ички секреция бездеринин) ооруларын дарылоо, диагноз коюу жана алдын алуу боюнча даярдыктан өткөн адис-врач. Эңдокринология — клиникалык медицинанын ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын жана алар иштеп чыгарган гормондордун организмге физиологиялык таасиринин механизмин, ошондой эле ал бездердинКененирээк...

Эпидемиологиялык текшерүү

Эпидемиологиялык текшерүү — жугуштуу оорулардын булагын жана инфекциянын таралуу жолдорун аныктоо жана андан ары таралышын алдын алуу чараларын иштеп чыгуу максатында жүргүзүлүүчү иш-аракеттер. Эпидемиологиялык текшерүүнү көбүнчө врач-эпидемиологдун өзү, кээде эпидемиологдун жардамчысы жүргүзөт. Эпидемиологиялык текшерүү ооруган кишиден же анынКененирээк...

Эпидермофития

Эпидермофития — теринин эпидермофитон мите козу карындары пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Козгогуч түшкөн жерине жараша бут кетменинин, кол чеңгелинин жана тери бүктөөлөрүнүн (чурай, колтук, эмчек асты) эпидермофитиясын пайда кылат. Чурай эпидермофитиясы менен көбүнчө эркектер оорушат. Бут кетменинин эпидермофитиясы мончодо, бассейнде иштеген, түшкөн кишилерде, спортсмендерде (сууда сүзүүчүлөрдө) көбүрөөк болот. Эпидермофития адамгаКененирээк...

Эмчек

Эмчек — сүт бөлүп чыгаруучу без. Ал көкүрөк көөдөнүнүн үстүндө орун алган. Анын формасы, көлөмү жана жайгашуусу аялдын жашына, жыныс органдарынын өөрчүшүнө жана этек кирдин келишине жараша болот. Бала эмизбеген учурда эмчектин формасы эки түрдүү болот: жумуру (жарым шар сыяктуу) жана конус сымал. Кыздардын эмчек безинин салмагы 150— 200 г, ал эми бала эмизген аялдардыкы 350—400 гга жетет. Ал бир нече безчелерден (бөлүктөрдөн) турат. Мисалы, бойго жеткен кыздардыкыКененирээк...

Эн безинин суу шишиги

Эн безинин суу шишиги — эркектин умасына суюктуктун жыйылышынан болгон оору. Ал 20—30 жаштагы адамдардын арасында 70%ке чейин,. беш жашка чейинки балдарда 30%ке чейин жолугат. Оорунун тубаса түрү бала төрөлгөндө эле байкалып, калтасынын бир жагы шишимик тартып чоң көрүнөт. Оорунун пайда болушуна эндин, анын кошумчаларынын (жумуртка) жана кабыкчалардын ар түрдүү ооруларга чалдыгышы, жүрөктүн ишинин бузулушу (декомпенсация) жана лимфа суюктугунун куулукта чогулушу себеп болот. Эндин сыртынанКененирээк...