Кол өнөрчүлүк

Подписаться на эту рубрику по RSS

Желдик жана жердик

Желдик — «Желдиги жок ат минсең, өркөч, бели жоор болот» (Осмонкул). Бул — ээр токумдун бир бөлүгү. Тердиктин үстүнө коюлат. Ал — ээрдин эки каптаргасына кынала өлчөнүп жасалган кош кийиз. Муну чеберлер эки-үч каттай катуу шырып жасайт. Анын кайыштан кошогуКененирээк...

Жети кашка өрүм жана жип

Жети кашка өрүм — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат. Жип — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн ийрилип, буюм-тайымдарды тигүүдө, согууда, түйүүдө, эшүүдө,Кененирээк...

Жез

ЖезЖез — «Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жездиКененирээк...

Жон өрүм

Жон өрүм (үч кыр өрүм) — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Жалаң гана кайышты тилүү аркылуу буюмду жүзөгө ашыруучу өнөр. Чебер 12—14—16 талга чейин жазы да, ичке да тилет. Өрүмдүн бул ыкмасында көк астыңкы бетинен каз таңдайлашып, бири-биринен шарттуу өтүшөт. АндаКененирээк...

Жошо

ЖошоЖошо — «Боз үй тиктик жасалгасы келишкен, Жыгачтарын жошо менен сырдаган» (эл ыры). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Жыгаччылыктын боегу. Ал кызгылт, күрөң, же кочкул кызыл түстүү топурак, чопо кейиптенген минерал зат. Чеберлер көбүнчө боз үйдүн уук-керегесин,Кененирээк...

Жыгаччылык

Жыгаччылык — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Ар бир жыгачтын өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттерин чеберлер мыкты билишет. Алардын ичинен өрүк жыгачы катуу келет. Бул темирдин болоту сыяктуу чорт сынма болот. Жыгачтын курчу ушул өрүк бычакты да майтарат. Эгер ошондойКененирээк...

Жыгач оюмдары

Жыгач оюмдары — Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамдыКененирээк...