Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Биографиялар

Подписаться на эту рубрику по RSS

Осмонов Алыкул (1915-1950)

Осмонов Алыкул (1915-1950)Кайрылып арт жагыңды караганча,

Канча деп жыл эсебин санаганча,

Жарк этет көз алдыңда жаңы өспүрүм

Окшогон тунук мөмө, бышкан алча...

Кээ бирин колума алып көтөрөмүн,

Көтөрсөм көтөрүлгөн көктөп көңүлүм.

Келишкен кең далылуу улан болгон

Кечээги кетик тиштүү жаш бөбөгүм... -

деп, акын агайыңар Алыкул Осмонов азыркы жеткинчектердин турмушуна жетине албай кубанган. Ал эми акындын өзүнүн балалыгы кунарсыз өткөн. Ошондуктан АлыкулКененирээк...

Насирдин Исанов

Насирдин ИсановНасирдин Исанов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында 1943-жылдын 7-ноябрында туулган. Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри, СССР инженерия академиясынын академиги.



Эмгек жолу:

1960-жыл - Москва шаарындагы Мосжилстрой трестинде жумушчу.

1961-жыл - Москва инженердик-куруу институтуна окууга өткөн.

1966-жыл - Москва инженердик-куруу институтун аяктап, андан соң Кыргыз ССРининКененирээк...

Орозбеков Абдыкадыр (1889-1938)

Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө бүт өмүрүн арнаган Абдыкадыр Орозбеков азыркы Ош облусундагы Охна кыштагында туулган. Ал төрт жашында атасынан жетим калып, тогуз жашынан көрүнгөндүн үйүндө малай жүрөт. Катаал замандан жабыр тарткан жаш бала Кокон, Фергана шаарларына келип, байлар менен соодагерлердин эшигинде наабайчыларга жалданып иштейт.

Адегенде үйрөнчүк катары баштап, кийин өз алдынча наабайчы (нан бышыргыч)Кененирээк...

Мыскал Өмүрканова (1915-1976)

Мыскал Өмүрканова (1915-1976)Абалтан ар бир эл өзүнүн ой-тилегин, үмүтүн, муң-зарын, тунук махабатын, кубанычын, кусалыгын, эрдигин, элге, жерге, ата-энеге болгон сүйүүсүн, бактылуу заман үчүн күрөшүн терең мазмундагы ырларында баяндап жана даңазалап келген. Ар бир элдин, ар бир мезгилдин өзүнчө ыры бар дегендей аткаруучусу да бар.

Алардын бири кыргыз элине кеңири белгилүү ырчы - Мыскал Өмүрканова. Ал чыгармачылыгын айыл арасында эл ырларын аткарууКененирээк...

Намазбеков Калыс

Намазбеков Калыс 1933-жылы Жети-Огуз районундагы Жениш айылында туулган. Кыргыз Республикасынын мал чарбасына эмгек синирген устаты. Эмгек жолун 1945-жылы жумушчу болуп иштоодон баштап, 1956-жылы Каракол айыл чарба техникумунда, 1962-жылдан Жети-Огуз районундагы «Коммунизм» колхозунда баш чабан болуп эмгектенген. 1970-жылы ар 100 тубар койдон 140 козу, ар койдон 3,5кгдан жун алган. Ленин, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.Кененирээк...